Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Нарын дарыясына агып кеткен 8 жашар бала табылбай жатат
09.03.2022 | 10:47
Нарын районунун Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 8 жашар Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 31 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 60 адам жана 23 милиция кызматкер тартылып, жалпы 55 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.
Бүгүн, 9-март күнү да улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар