Нарын шаарында, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак районунда өзгөчө абал токтотулду

Нарын шаарында, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак районунда өзгөчө абал токтотулду

Нарын шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал режими токтотулат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Ал эми өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Ал эми башка аймактарда өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>