Ак-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды
Нарында кураштырылган үч дөңгөлөктүү мотоциклдер сатыла баштады
11.09.2024 | 10:03
Нарын облусунда “Нарын мото” ишканасынын мотоциклдери сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аталган ишкана кытайлык инвесторлордун колдоосу менен ачылып, Ат-Башы районундагы Кара-Булак тилкесинде курулган эл аралык соода-логистикалык борбордо жайгашкан.
Ишкана кураштырган үч дөңгөлөктүү мотоциклдер 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Бул унаалардын электр энергия, күйүүчү май менен жүргөн, үстү ачык жана жабык түрлөрү бар. Алардын баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин жетет.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом