Нарында жалган ведомосттор менен 1,5 млн сомду кымырып алган кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Нарын облустук прокуратурасы тарабынан Кочкор райондук Суу чарба башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, эмгек акы төлөө үчүн банктарга тапшырыла турган төлөмдүк ведомостторго жалган маалыматтарды киргизишкен. Натыйжада, 2023-2024-жылдар аралыгында жалпы 1 млн 559 миң 221 сом акчаны кымырып алышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Нарын облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Нарын ОИИБдин тергөө башкармалыгына тапшырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз