Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Умрага барчулар үчүн Сауд Арабиясы жаңы талаптарды киргизди
26.01.2025 | 13:15
2025-жылы умра зыяратын пландап жаткан жарандар үчүн Сауд Арабия Падышачылыгы жаңы медициналык-санитардык талаптарды киргизгендигин Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
Эң негизги талаптардын бири: Бир жаштан жогорку бардык чет өлкөлүк зыяратчылар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, анын тастыктамасын (сертификатын) алышы керек.
Эмдөө боюнча талаптар:
- Вакцинация Сауд Арабиясына барардан кеминде 10 күн мурдажүргүзүлүшү зарыл.
- Эмдөө жарактуулугу вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жыличинде болушу шарт.
Умра зыяратын пландаган жарандар Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына кирип, жаңы талаптар жана сунуштар менен кеңири таанышып чыгышы керек. Бул жарандардын сапарын ыңгайлуу жана коопсуз кылууга жардам берет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар