16-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы. Кыргызгидромет билдиргендей, республикада жаан-чачын болбойт.
Чүй, Ош облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -16…-21
күндүз -3…-8
Талас облусунда
түнкүсүн -18…-23
күндүз -6…-11
Баткен облусунда
түнкүсүн -12…-17
күндүз 0…-5
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -12…-17
күндүз 0…-5
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -10…-15
күндүз 0…-5
Нарын облусунда
түнкүсүн -25…-30
түштөн кийин -10 … -15.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18, күндүзгү жогорку температурасы -3…-5.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз