Бетке, колго майлуу крем сүйкөңүз. Сууктан сактануунун 10 эрежеси

Бетке, колго майлуу крем сүйкөңүз. Сууктан сактануунун 10 эрежеси

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы сууктан сактануунун 10 эрежеси менен бөлүштү.

ӨКМ билдиргендей, аба ырайы кескин өзгөрүп, нормадан ашкан суук болгон убакта, зарыл иш болбосо үйдөн чыкпаганыңыз оң. Айрыкча бул жаш балдарга тиешелүү. Эсиңизге түйүңүз! Катуу бороон коштогон суукта ачка жүрбөңүз. Себеби, организм муздакка кабылганда жылуулукту өзүңүздөн эмес, тамактын эсебинен алганы пайдалуу.

1) Сыртка чыгар алдында колуңузга, бетиңизге сууктан сактай турган майлуу май (крем) менен сүйкөңүз. Бетке, колго колдонуучу майыңыздын курамында көп өлчөмдө суу камтылбаган, тактап айтканда нымдаштыруучу каражат болбошу зарыл.

2) Жылуу жүрүүгө аракет кылыңыз. Кийимди табигый кездемеден, жүндөн токулганын тандаңыз жана ал жеңил, ыңгайлуу болушу керек. Шартыңызга карап, жылуулукту бир калыпта сактоочу атайын ич кийим сатып алыңыз.

3) Бут кийим кургак жана кыспагандай болушу шарт. Ыңгайлуу бут кийим тамандагы кан айланууга тоскоол болбой, жакшы абалда алып жүрөт. Суук мезгилде жүндөн же таза пахтадан токулган байпак кийүү дурус.

4) Аялдамада, көчөдө турганда бир абалда турбастан, буту-колуңузду кыймылга келтирип туруңуз. Сууктун күчү чектен ашкан, чыдоого мүмкүн болбогон учурда жылуу жайларга: тамактануучу, дүкөн, көп кабаттуу үйлөрдүн подьезддерине кирип жылынган соң, жолду улантыңыз.

5) Жай жана терең эмес дем алыңыз. Мурун көңдөйү менен дем алган учурда аба бронха жана өпкөгө жеткичекти жылыганга жетишет. Өтө суук убакта мурун, кулактардын учу, колдун манжалары жана бут жабыркайт.

6) Эгер, катуу суукка кабылгандан улам денеңизди сезбей калсаныз дароо ысык сууга жуубаңыз. Бул организмдеги клеткалардын эрте өлүп жок болушуна (некроз) алып келет. Жакшысы суук алган дененин бөлүгүн кургак, жылуу же жүндөн токулган табигый кездеме менен ороп жылытыңыз. Бул аралыкта денеңиз өз абалына келбесе, дарыгерге кайрылуу зарыл.

7) Сырттан үшүп киргенде дароо ысык чай ичкенге же ысык сууга жуунганга (душ, ванна) шашылбаңыз. Организмдеги температуранын кескин түрдө өзгөрүүсү мисалы -20 дан +20 га өткөндө жүрөк кан-тамыр системасына олуттуу күч келип, ден соолукка зыян алып келүүчү жагдайга алып келиши мүмкүн. Адам организми 20-30мүнөт аралыгында акырындык менен бөлмө температурасына ылайыкташып көнүшү керек

8)  Ар бир адамдын коопсуздугу өз колунда. Спорттун муз тебүү түрү менен машыккандар жана ага кызыккандар да тоңгон жерге кайталап кар жааган учурда муз тебүүгө болбойт. Муз тебүүчүлөр кар жааган күндүн эртеси муз аянтчасына барганы дурус. Жабык аянтчада каалаган убакытта барууга болот жана муз тебүүгө ыңгайлуу. Эске алыныз! Кооптуу, тоо боорунан, текшерүү жүргүзүлбөгөн муз аянтчаларына барууга тыюу салынат.

9) Катуу бороон коштогон суук болоору тууралуу маалыматтан кийин алыс жолго чыкпаңыз. Мындай учурда күтүлбөгөн кырсыктар болушу мүмкүн. Бороондо эскертүүсүз электр энергиясы өчүп калышы толук мүмкүндүк бар. Кооптуу электр чубалгыларына көз салыңыз, газ түтүгүн бекитиңиз.

10) Автоунааңызды атайы унаа токтотуучу жайга болбосо, бак-дарактардан алысыраак ачык аянтка токтотуңуз. Балдарды табигый кырсыктарда өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин алдын ала үйрөтүнүз. Кыйроолор менен коштолгон же адам өмүрүнө коркунуч жаралган учурда токтоосуз 112 кызматына чалууну эстен чыгарбаңыз!

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>