Нарында катуу шамалдан улам үйдү терек басып калды (ВИДЕО)
Бүгүн, 28-июнда саат 15:55 чамасында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды-Булак айылынын А.Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырына терек кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, табигый кырсыктын кесепетинен чатырдын бир тарабынын шиферлери талкаланган. Жерине 4 куткаруучу тартылган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Эске салсак, Баетов айылында жайгашкан гидропосттун кызматкерлеринин маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы 16 м.с. чейин жеткен.
[image_carousel source=”media: 141654,141655,141656″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]