Чүй: 16 жаштагы бала түтүнгө ууланып каза болду

Чүй: 16 жаштагы бала түтүнгө ууланып каза болду

Бүгүн, 28-июнь күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Сокулук айылынын Тынчтык көчөсүндө жайгашкан №46 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 11:31де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылып, өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү.

Куткаруучулар издөө учурунда 71 жаштагы И.Н. аттуу жаран түтүнгө ууланып жеңил жаракат алган. Учурда кардиология бөлүмүнө жаткырылып, абалы туруктуу.

Ошол эле өрт чыккан үйдөн 2006-жылы туулган К.А аттуу бала түтүнгө ууланып, каза болгон. Анын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>