Нарында кудуктардын капкактары менен мүрзөнүн тосмолорун уурдагандар кармалды

Нарында кудуктардын капкактары менен мүрзөнүн тосмолорун уурдагандар кармалды

Нарын облусунун  аймагындагы 15тен ашуун кудуктардын капкактарын жана  10го жакын мүрзөнүн тосмолорун уурдаган тургундар кармалды. Бул тууралуу Облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-апрелге караган түнү Нарын Суу-канал ишканасына тийиштүү Нарын шаарынын ар кайсы аймагында орун алган суу түтүкчөсүнүн кудукчасынын 4 даана капкагын белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кетиптир деген  билдирүү менен Нарын Суу-канал ишканасынын директору милицияга кайрылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Нарын районунун 32 жаштагы тургуну К.А. менен 33 жаштагы М.Ж. кармалып, алар уурдагандарын мойнуна алышкан.

Мындан сырткары Нарын облусунун  аймагында жайгашкан  мүрзөлөрдүн чугундарын, чынжырларын жана тосмолорун жашыруун түрдө уурдап кетишкени аныкталган.

Ошондой эле март айында Нарын шаарынын аймагында жайгашкан 5 даана таза суу түтүкчөлөрүнүн кудукчаларын жашыруун уурдаган Нарын шаарынын 27 жаштагы тургуну С.Б. менен Ат-Башы районунун 29 жаштагы тургуну Б.Б. кармалган.

Жогорудагы жарандар кудуктардын 15 капкагын жана 10го жакын мүрзөнүн тосмолорун уурдагандарга кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>