Нарында күйөөсү бычактаган аялды ажалдан сактап калган милиционер сыйланды

Нарында күйөөсү бычактаган аялды ажалдан сактап калган милиционер сыйланды

Нарында күйөөсү бычактаган аялды куткарып калган милиция кызматкери Жеңиш Мукамбетов облус жетекчилиги тарабынан сыйланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Облус башчысы Алтынбек Эргешов адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерине «Ыраазычылык кат» жана 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырган.

Жеңиш Мукамбетовдун айтымында, окуя болгон күнү ал өз жумуштары менен Нарын шаарындагы Он-Арча базарынын биринчи кабатында жүргөн. Ызы-чуу чыгып жатканын угуп, экинчи кабатка көтөрүлгөн. Ал жактан аял кишиге бычак менен кол салган адамды көрүп, дароо жардамга чуркап, аны токтотуп калган.

«Ошол учурда дагы бир байке жардам берген, бирок аны таппай жатабыз», — дейт Мукамбетов.

Өкүлчүлүк билдиргендей, аталган окуяда жабыркаган 41 жаштагы аял учурда облустук оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу.

Ал эми ага кол салган күйөөсү окуя болгон жерде эле колго түшүрүлүп, камакка алынган. Ага «бейбаштык» жана «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери бонча кылмыш иши козголгон.

Жеңиш Муканбетов 24 жашта. 2018-жылдан бери милицияда кызмат өтөп келет. Генерал-майор Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясын бүтүргөн. Үч бир туугандын уулусу

Нарында күйөөсү бычактаган аялды куткарган адам милиционер болгон

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>