«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутатЧуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдашты
Нарында мал кароого кетип дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү табылды
01.07.2022 | 09:27
Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал айдап келүүгө кетип дайынсыз жаткан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү Өзгөрүш айыл аймагынын Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинен 1972-жылы туулган И.К. аттуу эркек киши ат минип кетип, аты келип өзү дайынсыз жоголгон. 30-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, Таш-Тумшук тилкесинде суунун жээгинен сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом