Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз бердиЖогорку Кеңеште Ала-Арчадагы трагедиядан кийин ӨКМдин ишин текшерүү талап кылындыЖогорку Кеңеште 120 жаш адис депутаттардын коомдук жардамчысы болотОш шаарында «Жаштык Арена» спорттук-оюн-зоок комплекси курулат«Келечектин кадры»: ИИМ студенттерди социалдык тасмалар фестивалына катышууга чакырдыАйыл чарба министрлиги бизнес өкүлдөрү менен АӨКтү өнүктүрүү боюнча 1000 күндүк планды талкуулады
Нарында мал кароого кетип дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү табылды
01.07.2022 | 09:27
Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал айдап келүүгө кетип дайынсыз жаткан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү Өзгөрүш айыл аймагынын Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинен 1972-жылы туулган И.К. аттуу эркек киши ат минип кетип, аты келип өзү дайынсыз жоголгон. 30-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, Таш-Тумшук тилкесинде суунун жээгинен сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом