Интернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болдуБишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылуудаБаткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалдыЖанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалды
Нарында салыкчы опузалап акча талап кылып, кармалды
21.06.2022 | 20:30
Мамлекеттик салык кызматынын Нарын областындагы райондук Башкармалыктарынын биринин башчысы 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кызмат адамы пайда табуу максатында жеке кызыкчылыктарын көздөп, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди ишкердин пайдасын эске алуу менен чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталды.
Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар