Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.
28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кыз мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулганы аныкталган.
Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Нарындагы 7 жашар кыздын өлүмү: Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти
Биздин Телеграм каналга катталыңыз