Нарындагы көпүрөнүн курулушу боюнча министрлик түшүндүрмө берди

05.09.2025 | 15:11

Нарында көпүрө урап, кырсыктан улам жүк ташуучу унаа менен дарыяга түшүп кеткен айдоочу каза болгону көпчүлүккө маалым. Окуядан кийин тиешелүү кызматтар эки ай ичинде жаңы көпүрө салынып бүтөрүн убадалашкан.

Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, курулуш жай жүрүп жатат. Алардын сөзүнө караганда, техниканын жетишсиздигинен улам айылдын эркектери өздөрү барып кол казуу иштерине жардам берип жатышат.

«Жергиликтүүлөр жардам бербесе, курулуш таптакыр токтоп калышы мүмкүн дешти. Бизде суук эрте түшөт, андыктан тиешелүү органдар бул маселени көзөмөлгө алышы зарыл», — дешти айыл тургундары.

Транспорт министрлиги бул дооматка жооп берип, Нарын-Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатканын билдирди.

«Иштерди “Бишкек-Темир” ЖЧКсы жүргүзүп жатат, ага кошумча “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы тартылган. Азыркы тапта пайдубал даярдалып, арматура орнотулуп, бетон куюу аяктады. Учурда темир конструкциялар чогултулууда. Курулуш графикке жараша уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Көпүрө толук бүткүчө жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттап жатышат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top