Кыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдү
Кыргызстанда ВИЧ жуктурган 878 бала катталды
05.09.2025 | 15:20

2025-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктурган 18 жашка чейинки 878 бала катталды. Анын 90%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин “2026-2030-жылдарга ВИЧ-инфекциясын жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жеңүү боюнча” программасын бекитүү жөнүндө токтом долбоорунда айтылды.
Андагы маалыматка ылайык, ВИЧ жуктурган балдардын 52%ы 2006–2009-жылдары медициналык мекемелерде жуктурган, 41%ында энеден балага жуккан. Ал эми 7%ында жугуу жолу аныкталган эмес. Жалпысынан 136 бала каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом