Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Нарындын тургуну кудук казып жатканда каза болду
02.06.2022 | 09:47
Нарын районунда жергиликтүү тургунду топурак басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жерге-Тал айыл аймагынын Кара-Чий айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Н.А. аттуу эркек киши үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан учурда топурак басып калып каза болгон.
Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар сөөгүн чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 3 куткаруучу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар