Нарынга кар түштү. Жайлоодо 1,5 миң баш мал тоютсуз калды (видео)

03.05.2023 | 17:01

Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда 2-май күнү аба ырайы кескин өзгөрүп, жайлоого 20 см чейин суу кар жааган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жааган кардан Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Сырт жайлоосунда 500 баш уй жана 1000 башка чукул кой алып, он күн мурун көчүп барган 2 чабандын малы тоютсуз калган.

“Чабандарга жардам берүү максатында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин орун басары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен бирдикте 3-май күнү эртен менен Терек айылында жашаган мал ээлери уюшуп, бир камаз тоют чөп алып, Терек айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин атайын техникасы жана аттар менен Орто-Сырт жайлоосуна кетишкен”, – деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, Ат-Башы районунда жааган кар ээрип, жолдор ачылып, дыйкан фермерлерге зыян келтирген эмес. Бүгүнкү күндө малдан чыгым болгондугу боюнча маалымат жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top