Кыргызстан Мальдив, Бахрейн, Ливан, БАЭ менен визасыз режим киргизет

Кыргызстан Мальдив, Бахрейн, Ливан, БАЭ менен визасыз режим киргизет

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеште эл аралык байланышка тиешелүү бир катар мыйзам долбоорлору каралып, колдоо тапты.

Жыйында Бириккен Араб Эмираттары, Мальдив аралдары, Бахрейн жана Ливан менен визасыз режим киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды:

— 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу;

— 2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Бахрейн королдугунун өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу;

— 2022-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Ливан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу;

— 2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз  өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Тышкы иштер министрлиги менен БАЭнин Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>