Кыргызстан Кытай менен өз ара визасыз режим киргизүүнү пландоодо

Кыргызстан Кытай менен өз ара визасыз режим киргизүүнү пландоодо

Кыргызстан Кытай менен өз ара визасыз режим киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, апрель айынын аягында ал Сианда Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугуп, жүк ташуучу айдоочулардын, жарандардын виза алуу маселесин сүйлөшкөн.

«Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визадан бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Эми иш биздин ички тараптан болот. Биз коопсуздук, башка иштер боюнча кандай сунуш берерибизге тиешелүү. Жалпысынан Кытай тарап сүйлөшүүгө даяр», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытай менен Казакстан өз ара визасыз режим киргизүүнү макулдашкан. Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандарына коңшу мамлекетте 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилет (ошондой эле, жарым жыл ичинде 90 күн визасыз жүрөт). Жакында макулдашууга  кол коюлары күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>