Кооптуу жүк ташыган унааларга текшерүү күчөтүлдүКара-Суу районунда таттуу ширелерди чыгарган жашыруун цех аныкталдыЭдил Байсалов БУУнун деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн конференциясына катыштыАдылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштыОшто жер титирөө катталдыТүндүк-Түштүк альтернативдик жолунун көчкү түшкөн тилкеси бир тараптуу ачылды
Ноокатта 24,2 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
24.10.2022 | 14:08
Кулатов айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери “Абшыр-Ата” эс алуу аймагында жайгашкан 4,05 гектар жер тилкесин сатуу жолу менен жеке адамга мыйзамсыз өткөрүп беришкен.
Текшерүүнү Ноокат районунун прокуратурасы жүргүзгөн.
Буга чейин райондун прокуратурасы аталган жер участогуна укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу максатында сот органдарына доо арыз менен кайрылган.
Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары менен укук белгилөөчү документтер жана жер участогунун жеке менчик укугуна мамлекеттик акт жараксыз деп табылды.
Киргизилген прокурордук актынын негизинде жогоруда аталган 4,05 га 24,2 млн сомдук жер тилкеси Кулатов айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика