АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Муратбек Азымбакиевге элчи дипломатиялык рангы ыйгарылды
24.10.2022 | 14:29
Муратбек Азымбакиевге Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
“Азымбакиев Муратбек Абакировичке Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылды”, – деп айтылат маалыматта.
Муратбек Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектейт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар