Ноокатта мамлекеттик кызматкер алдамчылыкка шектелип кармалды

23.09.2025 | 17:51

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ноокат районунда мамлекеттик кызматкер алдамчылыкка шектелип кармалды.

Маалыматка караганда, Мирмахмудов айыл аймагынын 1952-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2024-жылдын февралында айыл өкмөтүнүн кызматкери А.И. ага 6 сотых жер тилкесин алып берем деп убада берип, алдоо жолу менен 1 миллион сом акчасын алганын билдирген.

Факт катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1978-жылы туулган А.И. шектүү катары аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ал Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп иштеп турганы такталды.

Тергөөчүлөр шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун да аныктап жатышат.

Scroll to Top