Ноокатта  вирусологиялык лаборатория ачылды

29.06.2022 | 09:41

Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вирусологиялык лаборатория ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган. Лаборатория ILAB маалымат системасына туташтырылган.

“Бул лабораториялык маалыматтык тутумдун артыкчылыгы – паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет. Бейтаптар/кардарлар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын өздөрү басып чыгарып, ала алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория жана пациент/кардар үчүн да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, бул лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда. Учурда 6 лабораториянын курулушу аяктады (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат).

“Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, кызылча, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө”, – деп кошумчалашты министрликтен.

[image_carousel source=”media: 141686,141687″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top