Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Аксыдагы жайлоодон эс учун жоготкон келин куткарылды
29.06.2022 | 09:56
Аксы районундагы жайлоодон эс учун жоготкон 34 жаштагы аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда,27-июнь күнү Кара-Суу айыл аймагынын Миң-Бугу жайлоосунда 1988-жылы туулган Ө.Г. аттуу аялдын кан басымы көтөрүлүп, эс учун жоготуп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган аялды жайлоодон түшүрүп берүүнү аталган айыл аймактын кызматкери ӨКМге жардам сурап кайрылган. Жерине 6 куткаруучу тартылып, жогору аталган аялды жайлоодон алып түшүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аялдын абалы орто.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом