Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачат
Ноокатта жаңы мектеп ачылды
17.10.2023 | 19:40
Бүгүн, 17-октябрда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылында Абдразакова Сурма атындагы орто мектептин ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Ачылуу аземине Сауд Арабия Королдугундагы, Бахрейн Королдугундагы жана Египет Араб Республикасындагы атайын жана ыйгарым укукту элчиси Улукбек Марипов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, “Эл агартуунун мыктысы”, “Данк” медалынын ээси, ардагер мугалим Сурма Абдразакова жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Абдразакова Сурма атындагы орто мектебинин жаңы имараты республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып курулган. Курулуштун сметалык баасы 46 миллион 671 миң 687 сомду түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар