Чүйдө алтын куймаларын чыгара турган ишкананын курулушу башталды

Чүйдө алтын куймаларын чыгара турган ишкананын курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун “Аффинаж заводунун” филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Бул ишкананын курулушу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде башталды жана өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча Кыргызстандын эгемендигинин тарыхындагы биринчи ишкана.

Бакыт Төрөбаев бул долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгү жогору экенин белгиледи. Аны ишке ашыруу менен баалуу металдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана ата мекендик ишканалардын өндүрүүсүнүн эсебинен баалуу металдардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Адистердин белгилөөсүндө, буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргызстанда чыгарыла баштайт.

Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италия жана Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда.

Жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турган өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананы ишке киргизүү 2024-жылдын биринчи кварталына пландалууда. Кошумчалай кетсек, имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>