Ноокаттагы селден 8 адам каза болду

Ноокаттагы селден 8 адам каза болду

Ноокат районунда селдин кесептинен каза болгондордун саны 7 адамга жетти. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан дагы бир жарандын жансыз денеси табылды.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы 7 адамдын жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылды. Алар:

— 2005-жылы туулган К.Б.,

— 2008-жылы туулган М.Б.,

— 2012-жылы туулган Ж.А.,

— 2013-жылы туулган М.кызы И.,

— 2016-жылы туулган М.уулу И.,

— 2013-жылы туулган К.Б. жана

— 1976-жылы туулган Ж.А. экендиги аныкталды.

Белгилей кетсек, 29-июнда Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы түнкү саат 03:00 чамасында “Ай гай” белгиси боюнча түп көтөрүлүп, Ноокат районунун сел аккан аймагына жөнөп кетишкен. Таңкы саат 06:00 чамасында окуя болгон жерге жетип барышып, сууга агып кеткендери издөө иштерин баштаган. Ошондой эле, жайлоодо жана эс алуучу жайларда аккан суунун агымы чоң болуп өтө албай калып кеткен жарандарды алып өтүү максатында жасалма көпүрөлөрдү орнотушкан.

Милиционерлер жасалган көпүрөлөр аркылуу, кээ бир жерлерде аркан тартышып, суу кечишип, жарандарды коопсуз жайга алып өтүшкөн.

Учурда  издөө иштери жана селдин кесепетинен зыян тарткан жерлерди калыбына келтирүү иштери  уланууда.

Кийинчерээк ӨКМ Абшыр-Ата айылындагы селден дагы 1 аялдын сөөгү табылганын (аты-жөнү такталууда) жана жалпысынан сел кырсыгынан 8 адам каза болгонун билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>