Бишкекте ордо боюнча биринчи жолу клубдар аралык чемпионат өтүүдөБишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлиги
Ноокен районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери дүйнөдөн кайтты
09.02.2026 | 16:29
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Ормон Дададжанов 99 жашында дүйнө салды. Ардагер 1945-жылдын мартынан 1950-жылдын апрелине чейин №26 кавалериялык полктун №1249 аскер бөлүгүндө кавалерист болуп кызмат өтөгөн. Аскерден кайтып келгенден кийин, 1950-1980-жылдары Масы айылында ширетүүчү (сварщик) болуп эмгектенген.
Ормон Дададжанов артында чоң үй-бүлө калтырды: анын бир уулу, алты кызы, 28 небереси жана 37 чөбөрөсү бар.
Анын дүйнөдөн кайтышы менен Жалал-Абад облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эки гана ардагери калды: Базар-Коргон районунан 100 жаштагы Мурза Далиев жана Сузак районунан 101 жаштагы Мамасалы Жумаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом