Новиков: Жерүйдө кыштын аягына чейин биринчи алтын куймасы өндүрүлөт

Новиков: Жерүйдө кыштын аягына чейин биринчи алтын куймасы өндүрүлөт

Жерүй кениндеги алтынды калыбына келтирүүчү фабрика январь айынын аягында, февралдын башында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу 6-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице- премьер-министр Артем Новиковдун Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында белгилүү болду.

Кыргыз Өкмөтү ишкананын ишине максималдуу жардам көрсөтөт.

«Кыш мезгилинин аягына чейин фабрика биринчи алтын куймасын чыгарат деп ишенем. Өз кезегинде, компания буга чейин алган бардык милдеттенмелерин аткарат.

Кыргыз Өкмөтү үчүн инвесторлордун үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу маанилүү. Ошол эле учурда биз жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу маселесине чоң көңүл бурабыз. Дагы бир маанилүү маселе — бул товарларды өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү. Ишкана жергиликтүү продукцияны максималдуу колдонушу керек», — деп белгиледи Новиков.

Артем Новиков кен иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптардын сакталышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ошондой эле, калдык сактоочу жайдын курулушуна жергиликтүү активисттердин катышуусу менен көз карандысыз чет элдик эксперттер тарабынан анализ жүргүзүү зарыл», — деди өкмөт башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>