Телевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты
Кыргызстандын Новосибирсктеги Башкы консулу алмашты
12.01.2023 | 12:45
Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, Маматалиев Калдарали Капарович Россиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулду.
Ал эми президент Садыр Жапаровдун башка жарлыгына ылайык, анын ордуна Айдарбеков Айбек Акматбекович Башкы консул болуп дайындалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат