Токтогулда 24 жаштагы келин асынган абалда табылды

Токтогулда 24 жаштагы келин асынган абалда табылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24 жаштагы келин асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-январга караган түнү болжол менен саат 01:00до милицияга 24 жаштагы А.Б. аттуу келин үйүндө асынып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү иш кагаздар чогултулган. Аталган факты «өзүн өзү асып алуу» болуп каттоого алынган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө такталгандай, маркумдун 26 жаштагы М.Т. аттуу жолдошу 10-январь күнү саат 24:00 чамасында үйүнө келип, келинчеги жок болгондугуна байланыштуу аны издей баштаган. Издеп жүрүп аны сарайда асынган абалда тапкан. Анын айтымында, келинчеги менен буга чейин урушкан эмес, жакшы мамиледе болушкан.

Бул факты боюнча каза болгон келиндин атасы (64 жаштагы Б.А.) жана жакын туугандары маркумдун денесин соттук-медициналык экспертизадан  өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан.

Бул окуя боюнча текшерүү иштери улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>