Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Новосибирскте «Кыргызстандын товарларынын жумалыгы» жарманкеси өтөт
18.07.2025 | 20:06
Айыл чарба министрлиги азык-түлүк өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды жана соода компанияларын Орусиянын Новосибирск шаарында өтө турган «Кыргыз Республикасынын товарларынын жумалыгы» аттуу жарманкеге катышууга чакырууда.
Жарманке үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын соңу, октябрь айынын башында өтүп, 4–5 күнгө созулат. Иш-чара Новосибирск шаарынын борбордук аянттарынын биринде өтөт.
Министрлик жарманкеге катышуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын билдирди:
- Өнүмүңүздү Орусиянын ири регионалдык рыногунда көрсөтүү;
- Жаңы сатып алуучулар жана өнөктөштөр менен таанышуу;
- Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
«Кыргыз Экспорт» төмөнкү чыгымдарды өзүнө алат:
- Продукцияны Новосибирскке жеткирүү;
- Соода орундарын жана керектүү инфраструктураны камсыз кылуу;
- Жарманкеге сатып алуучуларды тартуу.
Катышуучу орундар чектелүү. Катышуу үчүн жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылуу керек: Султаналиева Жазгүл – Министрликтин экспорт жана интеграция боюнча бөлүмүнүн жетекчи адиси. Тел.: +996 708 709 063
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: жарманке, Новосибирск