БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Нурсултан Кеңешбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду
20.02.2024 | 10:02
Кыргызсандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Иранда өткөн жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында экинчи алтын байгесин утту. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 20-февралда өткөн жарышта Кеңешбеков 3000 метр аралыкка чуркап, атаандаштарын артта калтырган (убактысы 8:08.85). Муну менен ал экинчи ирет алтын байгеге татып, Азиянын эки жолку чемпиону болду.
Буга чейин 17-февралда Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр аралыкка жарышып, анда да алтын байге тагынган.