Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпиону болду
19.02.2024 | 09:00
Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Иранда өтүп жаткан жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын утту. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Аталган мелдеште 1500 метр аралыкка жарышта маарага биринчи болуп келген (убактысы 3:49.10) Кеңешбеков алтын байгеге татып, Азия чемпиону атанган.
Эскерте кетсек, Иранда өтүп жаткан Азия биринчилигине Кыргызстандан жөө күлүктөр Айнуска Калил кызы (1500 жана 3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500 жана 3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаев (1500 м жана 3000) катышууда. Спортчуларды машыктыруучу Татьяна Борисова коштоп барган.