Облустардын башчылары арасында бир да айым жок, — депутат

Облустардын башчылары арасында бир да айым жок, — депутат

8-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Каракол шаарына иш сапары менен барып, Ысык-Көл жана Нарын облусунун тургундары үчүн өзү демилгелеген мыйзам долбоору боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» аталышындагы аймактык консультациялык иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, тургундар, жарандык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Камила Талиева «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кеңири айтып, долбоордун максаты жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин теңчилигине жетишүү өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири экенин белгилеген депутат: «Гендердик теңчиликтин негиздери баш мыйзамыбызда да анык көрсөтүлүп, 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган. Муну менен катар президенттин жарлыгы менен «2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа» бекитилген», – деди.

Ошондой эле коюлган максаттарга жетүү үчүн аткаруу бийлигине, айрыкча чечим кабыл ала турган жогорку кызмат орундарына лидер айымдарды дайындоонун маанилүүлүгүн айткан эл өкүлү азыркы учурда аталган маселеге көп көңүл бурулбай жатканын билдирип, облустарды жетектеген жетекчилердин арасында бир да айым жок экенин мисал кылды.

Андан тышкары, коомдук жана мамлекетти өнүктүрүүдө аялдардын ролу чоң экенин белгилеген Камила Талиева өзү сунуштаган мыйзам долбоору аркылуу аялдарды колдоого багытталган бир топ ченемдер киргизилип жатканын маалымдады.

«Бүгүн биз мыйзамдын ар бир беренесине токтолуп, терең анализ кылып жатабыз. Айрыкча саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндөгү ченемдерди да толук талдашыбыз зарыл», – деди Камила Талиева.

Ага ылайык, жыйында аймактагы жетекчилер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, лидер айымдар жана тургундар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Муну менен катар иш-чаранын катышуучуларына гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча маалымат берилип, бул теманын тегерегинде кызуу пикир алмашуулар болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>