Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Бишкекте 17 жаштагы Азема Абдивалиева дайынсыз болууда
09.06.2024 | 15:05
Бишкекте 17 жаштагы Азема Абдивалиева май айынын аягында дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 31-майда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына З.Н. аттуу жаран кайрылып, анын 2007-жылы туулган кызы Абдивалиева Аземаны табууга жардам сурап кайрылган. Кыз Арзамасская көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен жана ушул күнгө чейин анын кайда экени белгисиз.
Белгилери: бою 165-170 см, арык денелүү, узун кара чачтуу. Жоголгон учурда ал көк түстөгү спорттук кийим жана кара өтүк кийип жүргөн.
Абдивалиева Аземанын жүргөн жери тууралуу билгендер болса, 0312 35 29 47, 0777 86 97 97, 0773 90 94 65 жана 102 номурларына кабарласа болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар