Өч алуубу же чыныгы сынбы? Шаардык кеңештин депутаттары Царикаевдин ишине нааразы

07.10.2025 | 18:25

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутаттар Нурзада Токтосунова менен Казыбек Эргешов «Царикаев» деген каймана ат менен белгилүү Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбековдун ишин сынга алышты.

Жыйында Токтосунова кыргыз тилинде суроо берген, Таалайбеков орусча жооп бере баштаганда анын сөзүн бөлүп, отчётту мамлекеттик тилде берүүнү талап кылган.

Таалайбеков болсо, өзүнө ыңгайлуу болгон тилде сүйлөөгө укугу бар экенин айткан. Бул жоопко Токтосунова нааразы болуп: «Урматтуу кесиптештер, бул жаш жигит бизге курчтук кылып жатат. Мындан тышкары, анын отчёту даяр эмес экендиги көрүнүп турат», — деген.

Ошондой эле Казыбек Эргешов да анын ишин сынга алып, Таалайбеков өзүнө жүктөлгөн милдеттерди начар аткарып, өзүн пиар кылуу менен алек экенин белгилеген. Буга жооп катары Муниципалдык инспекциянын башчысы акыркы үч ай ичинде айып пулдардын көрсөткүчү 20 пайызга жогорулаганын айткан.

Социалдык тармактарда шаардык кеңештин депутаттарынын жүрүм-туруму сынга алынып, бул алардын өч алуусу болушу мүмкүн деген божомолдор айтылды. Себеби Мирлан Таалайбеков МККБда иштеп турган учурда жол эрежесин бузгандыгы үчүн Казыбек Эргешовго, анын уулуна жана Нурзада Токтосуновага айып пул салган.

Scroll to Top