Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аталышы өзгөрөт
07.10.2025 | 21:21

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бир нече көчө жана проспекттердин аталышын өзгөртүү жана бириктирүү боюнча жаңы тартипти колдошту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр шаардын дарек системасын жөнөкөйлөтүү жана кайталанган, үзүлмө аталыштарды жоюу максатын көздөйт.
Жаңы чечимге ылайык:
- Айтматов жана Манас проспекттери биригип, Айтматов проспектиси болуп калат;
- Фучик жана Васильевский тракт Манас проспектиси болуп өзгөрөт;
- Лев Толстой жана Путепроводная көчөлөрү Шабдан Баатыр көчөсү болуп аталат;
- Абдрахманов көчөсү Абдрахманов, Байтик Баатыр жана Элебесов көчөлөрүн бириктирет;
- Жибек Жолу проспектиси Ленин, Победа жана мурдагы Жибек Жолу проспекттеринин ордуна калат;
- Курманжан Датка көчөсү Курманжан Датка жана 7-Апрель көчөлөрүнүн ордуна колдонулат.
Мындан тышкары, дагы он чакты көчө жана проспект бириктирилип, жаңы аталыштар берилет.
Вице-мэр Азамат Кадыровдун айтымында, Барпы Алыкулова көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүк Аалы Токомбаев көчөсү аталышын сактап калат, ал эми Чортеков көчөсү Масалиев көчөсү болуп өзгөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом