Ысык-Көлгө курула турчу Асман шаарынын инстаграмдагы расмий баракчасындагы бардык материалдар өчүрүлдү. Буга чейин анда бир канча маалыматтар камтылган болчу. Аталган шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Тимур Файзиевдин блогдору да бар эле. Азырынча эмне себептен өчүрүлгөнү туурасында так маалымат жок.
50 миңге чукул катталуучусу бар.
Айрым маалыматтарга караганда Асман шаарынын инстаграмдагы баракчасына президент Садыр Жапаров баштаган чиновниктер дагы катталган.