Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялардын тармагы ачылды

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялардын тармагы ачылды

Борбор калаада «Элкуб» компаниясынын Кыргызстанда биринчи жолу электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар тармагынын расмий бет ачары болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми электромобилдердин ээлери төмөнкү даректер боюнча станциялардан «кубаттоо» ала алышат:

•  «Tommy Mall» соода борбору;

• «Азия Молл» соода борбору;

• «Ала-Арча» МЭК;

• Гипермаркет Фрунзе «Технопарк»;

• Гипермаркет Фрунзе «ЖЭБ»;

• Фрунзедеги «Жал» гипермаркети;

• Гипермаркет Глобус «ЖЭБ»;

• Глобус гипермаркети, Лев Толстой көчөсү;

• Глобус гипермаркети, Медеров көчөсү;

• «Интермедиа» бизнес борбору.

«Ачылышка Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери катышып, уюштуруучуларга борбордогу экологияны сактоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиришти», — деп жазат басма сөз кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>