Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатып жаткандар кармалды
26.04.2022 | 16:51
Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-апрель күнкү УКМКнын жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жана атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан учурда оптикалык прибор менен Б.К.Т. аттуу Талас районунун тургуну кармалды.
Ошону менен бирге, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз сактап жүргөн 3 даана ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып алынды.
Бул факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар