ӨКМ аскерлерге кордук көрсөткөн кызматкерлерге чара көрүлгөнүн билдирди

ӨКМ аскерлерге кордук көрсөткөн кызматкерлерге чара көрүлгөнүн билдирди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жоокерлерге кордук көрсөткөн, аларды мазактаган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун аскер кызматкерлерине чара көрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүү иштери боюнча коммиссия түзүлүп, кошумча иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

Натыйжада өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн №86123 аскердик бөлүктүн — Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы кызмат ордунан бошотулган.

Аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары, ошондой эле аталган борбордун үчүнчү куткаруу кошуундун командири жана анын өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары кызмат орундарынан төмөндөтүлүшкөн.

Мындан сырткары мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген офицерлерге мыйзам чегинде сөгүш жарыяланган.

Эске салсак, 11-майда социалдык тармактарга белгисиз аскерлерге зомбулук көрсөтүлүп жаткан учур тартылган видео тарап кеткен. Анда белгисиз бирөө аскердик форма кийген бир нече адамды башын ылдый каратып, жер сүздүрүп, сөгүп жатканы тартылган.

Видеотасма ӨКМнын аскердик бөлүгүндө тартылганы аныкталгандан кийин ал коомдо чоң резонанс жараткан. Садыр Жапаров бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге сөгүш жарыялаган.

Аскер прокуратурасы ошол эле күнү, 11-майда «аскер кызматкерине карата офицер тарабынан зомбулук колдонуу фактысы» боюнча кылмыш иши козголгонун, бул окуя боюнча тергөө башталганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>