ӨКМ пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелерин айтты

ӨКМ пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелерин айтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жыл жакындап келе жатканын айтып, пиротехникаларды колдонууда жарандарды этият болууга чакырды. Ошондой эле төмөндөгү эрежелерди так сактоо керектигин эскертти.

Пиротехникалык каражатты тандоо:

 Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз!

Пиротехникалык каражаттардын кутусунун сыртындагы колдонуу эрежелери, сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз.

Сөзсүз түрдө жарактуу мөөнөтүн текшериңиз;

 Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаңыз. Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунунчу бар.

 Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал.

Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери:

 Сатып алган соң суу кылып алуудан сактаңыз. Эгер ным болуп калган болсо, колдонбостон балдар жетпеген жайга ыргытып же көмүп жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка жол ачат.

Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек.

Пиротехникалык каражатты колдонуу алдында кунт коюуп, нускама менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонунуз

Эң коопсуз жер бул — короо жана бак дарак өспөгөн ачык аянтчалар эсептелинет.

Тандалган жердин айланасын дыкааттык менен карап чыгыңыз. Жакын жерде (100 метр аралыкта ) өрт коркунучу бар обьектилер: автоунаа токтоочу жай, жыгач сарайлар, гараждар, электр өткөрүүчү зымдар ж.б.у.с. болбошу керек.

Билигин (фитиль) күйгүзүүдө колуңузду созуп от жандырыңыз да, алысыраак жака качыңыз

Көрүүчүлөр менен пиротехникалык каражаттын аралыгы көрсөтмөсүнө жараша сакталуу зарыл.

Жогорудагы жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат. Себеби учкундары терезенин ачык жери же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. Ошондуктан үйдөн алысыраак кетип, ылайыктуурак жерди табууга аракет кылыңыз.

Мас абалында колдонуудан алыс болунуз.

Тыюу салынат!!!

Атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келгенден алыс болуңуз. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге таштаңыз. Айрыкча колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаңыз. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзүңүзгө атылып кетиши мүмкүн.

Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле пиротехникалык каражаттын курамын өзгөртүүгө болбойт.

Пиротехниканы жабык жайларда бөлмөдө, кеңседе колдонууга уруксат берилген жана колдонууга тыюу салынганын айырмалай билиңиз. Бул нускамасында жазылуу болот.

Балдардын өз алдынча пиротехникалык буюмдарды аракетке келтирүүдө тыкыр көзөмөлгө алыңыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>