ӨКМ кышкы эс алууда тоодо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин эскертти

05.01.2025 | 10:20

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышкы эс алууда тоодо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин эскертти.

– Тоо маршрутунун татаал тилкесине даярданбастан, климатына көнбөстөн жүрүшкө эч качан жалгыз чыкпаңыз.

– Кышында тоо эс алуу базасынын лыжа тебүү тилкесинин коопсуздугун текшерип алуу оң.

– Тоодогу жагымсыз шарттарда – калың кар түшкөн соң 2-3 күндөн кийин, туманда, төмөнкү температурада, кар көчкү жүрчү аймактарга чыгууга болбойт.

– Аба ырайы бузулганда, караңгыда, кечке жуук жүрүш жасабаңыз. Күндүзгү жөө жүрүштүн негизги бөлүгү эртең менен жасалганы ийгиликтүү.

– Тоо жүрүшүндө спирт ичимдиктерин ичүү ден соолукка зыян экенин эстен чыгарбаңыз.

– Таштары бош ойдуңдардан өйдө-ылдый чыгуудан качыңыз.

– Аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлайлы. Анткени тайгак.

– Жыгылып калганда, жаракат алганда өзүңүздү-өзүңүз кармап, жардам чакырыңыз.

– Башты соккудан коргой турган каска, дененин ачык бөлүктөрүн күнгө күйүүдөн, аппак карга алдыруудан сактоо үчүн кол жана бет кап кийүү зарыл.

– Аскаларды бойлой же таштан-ташка секирбей, жай жылып түшүңүз.

– Карлуу эңкейиштерден эртең менен өтүү керек (күн жакшы тие электе).

– Катуу жамгыр, мөндүр жааса, аба ырайы төмөндөсө тоодогу жүрүштү токтотуу зарыл.

– Эгерде тоодо жүргөндө күн күркүрөсө, темир буюмдарыңыздан, жалгыз дарактан, суу жээгинен алыс болуңуз. Анткени булар чагылганды өзүнө тартарын унутпаңыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top