Өкмөт башчы Москвада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда
Бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусияга болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда.
Алгач өкмөт башчы кеңештин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты. Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын расмий учурашуусу болду.
Андан соң өкмөт башчылар бир катар маселелерди, анын ичинде 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиянын ишке ашыруунун акыркы жылындагы аткарылган иштерди, биримдиктин экономикалык процесстерин 2030-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүү жөнүндөгү декларацияда каралган айрым иш-чараларды талкуулашты.
Эске салсак, бул сапардын алкагында Адылбек Касымалиев илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга да катышары айтылган.