Өкмөт башчы ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Өкмөт башчы өз куттуктоосунда маалымат адамдын жашоо-турмушунда ар дайым өзгөчө орунда турарын, азыр маалымат жөн гана кабарлашуунун булагы болбостон, коомдук пикирди калыптандыруунун күчтүү куралына айланганын билдирди. Ал калем ээлери мамлекет менен элдин ортосундагы маанилүү көпүрө экенин, ошондуктан ар бир сөздүн тууралыгы, тактыгы жана маалыматтын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик өтө жогору экенин унутпоо зарылдыгын билдирген.
“Урматтуу журналисттер! Сиздер аркалаган кесип – терең билимди, тынымсыз эмгекти, жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды жана ар-намысты талап кылган абройлуу иш. Сөздүн кудурети менен ишенимди бекемдеп, жарандык позицияңыздар аркылуу коомдун дүйнө таанымын калыптандырып келесиздер. Мамлекеттик кызматтагылар болобу, же бизнес чөйрөсүндөгүлөрбү, же болбосо коомдук уюмбу же жөнөкөй жаранбы, айтор, бардыгынын ишмердигин талдап, эл алдында жоопкерчилигин күчөтүүдөгү эмгегиңиздерди жогору баалайбыз”,-деген ал.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев сынчыл ой жүгүртүп, фактыларды калыс баалай билген, окуяларды терең талдай алган, тез өзгөрүп жаткан медиа мейкиндигине шайкеш иштей билген журналисттердин арбышына тилектеш экенин билдирип, журналисттерге чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлөрүнө бакубат жашоо жана ден соолук каалаган.