Өкмөт интернетте бирөөнү кемсинткендерге 200 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштоодо

Өкмөт интернетте бирөөнү кемсинткендерге 200 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштоодо

Өкмөт интернетте бирөөнү кемсинткендерге жана жалаа жапкандарды 200 миң сомго чейинки айып пул менен жазалоону сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.

Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, интернеттеги сайт же интернет тармагындагы сайттын баракчасында кимдир бирөөнү атайын кемсинткен адамга 100 миң, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу пландалууда.

Ошондой эле башка бирөөнүн ар-намысына шек келтирген, беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп тараткан жарандарды 100 миң сом, юридикалык жактарды 200 миң сом айыпка жыгуу каралууда.

Эскерте кетсек, ушуга окшош эле мыйзамды Маданият министрлиги иштеп чыгып, быйыл апрелде коомдук талкууга чыгарган. Ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште карала элек. Аталган документте айып пулдун өлчөмү мынчалык көп болгон эмес.

Интернет, ЖМК аркылуу адамды сөгүп, жалаа жапкандарга жаза берүү сунушталууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>