Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Документи жок салынган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда
05.08.2024 | 15:45
Кыргызстанда тиешелүү документтери жок салынган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Аталган документти Мамлекеттик курулуш агенттиги даярдаган. Ага ылайык, 2023-жылдын 31-декабрына чейин өз билемдик менен салынган кабат үйлөр мыйзамдаштырылат. Токтом күчүнө киргенден кийин мыйзамсыз имараттын ээлери 1 жыл ичинде мамлекеттик органдардан текшерүүдөн өтүп, уруксат кагаздарын, тиешелүү документтерди алышы керек. Болбосо имарат түрттүрүлөт.